Бишкекте курулуш тармагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

Бишкек шаарындагы курулуш тармагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин архитектуралык-мерчемдик иш планын кароодо жана иштеп чыгууда мыйзам бузуулар катталган. Аталган объектинин долбоору 2011-жылы Бишкек шаарынын башкы архитектору тарабынан каралган. Бирок мыйзамга ылайык, ал аймакта кандайдыр бир курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Мындан улам 30-апрель күнү УКМК тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан