Бишкекте 30 миң долларга сымап сатмакчы болгон жарандар кармалды. Алар ушул жылдын 9-май күнү Раззаков жан Киев көчөлөрүнүн кесилишинен колго түшүрүлгөн. Кармалгандар Ак-Босого конушунун Төлөн жана Арча-Бешик конушунун Рикат аттуу тургундары экени аныкталган. Күбөлөрдүн катышуусунда алардын жанынан 1 килограмм 650 грамм салмактагы атайын идишке салынган сымап алынган. Аталган окуя боюнча “күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.