Кемин районундагы автокырсыктан айдоочу жабыр тартты
8-январь күнү Кемин районунда Нива үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнин маалымат кызматы билдирди. Унаа айдоочусу 29 жаштагы А.Ж. аттуу жаран жолдо бара жаткан Фольксваген Гольф унаасынан озуп өтөм деп рулду башкара албай калган. Натыйжада жол четиндеги даракты сүзүп, жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.