Америкалык кыздар мультфильмдердеги ханбийкелердин семиз болушун каалашууда

Америкалык кыздар мультфильмдердеги каарман кыздардын толмоч болушун талап кылып "Уолт Дисней" команиясына кайрылуу жөнөтүштү. Алардын сынына "диснейлик" Рапунцель, Золушка, Белоснежка, Жасмин жана башка бир катар каармандар кабылышкан. Кыздардын айтымында, анимациялык ханбийкелер аябай эле арык. Алардын арык болушу семиз көрүүчү кыздардын сезимине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жуэл Мур деген окуучу кыз "Менин салмагым ашыкча. Мага окшогон кыздар толтура. Арык ханбийкелерди көргөндө өзүмдү жаман сезем. Андыктан аниматорлор биздин сунушубузду эске алып, мультфильмдерде толук кыздардын да образын жаратышса" деп кайрылуу катын жазган. Анын бул кайрылуусун колдоп 15 миңден ашуун адам кол койгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara81
2014-05-12 13:47:22
Туура эле, анан аларды кумир туткан жаш кыздар тамак да жебей коюшат да. Алардын таасириби же башкабы, менин кызым аз тамак жеп калыптыр, семирип кетем деп, 8-9 жашта эле.
+1
altinim
2014-05-13 00:05:49
макдональска азыраак барыш керек колобоктор
0
Juliana
2014-05-13 04:30:42
altinim, bizdin universitettin ichinde Burger King bar, McDonaldska okshosh, obed uchurunda studentter ocheredde turushat, ana kaydan aryktoo? Men da ozum kunugo jeym oshol jerden, birok maga ters taasur tiygizbeyt, men tolboyt ekem, alar naoborot.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан