Бүгүн, 12-майда Баткен облусунда митингге чыккан эл тарап кетти. Бул тууралуу Баткендеги өздүк булактарыбыз билдирди. Айтымында, митингге чыккандар президент Алмазбек Атамбаевдин Баткен облусуна келип, эл менен жолугушуу өткөрүп, чек ара маселесин Тажикстан тарап менен бирге чечип берүүсүн талап кылышкан. Андан сырткары Баткен облусунун азыркы губернатору Жеңиш Разаковду кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мамат Айбалаевдин дайындалышын да талап кылышты.