Бишкекте кичи автобустар боюнча рейд жүргүзүлүп, текшерилген 25 унаанын 16сы каттамга чыгуу укугунан ажыратылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-майда Бишкекте кичи автобустарды санитардык жана техникалык жактан иретке келтирүү боюнча журналисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлүп, 2 сааттын ичинде текшерилген 25 унаадан 16сына каттамга чыгууга тыюу салынды. Аталган иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жол-техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын кызматкерлери өткөрүштү.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 17-апрелинен 8-майына чейин ушул сыяктуу рейддердин жыйынтыгы боюнча 565 кичи автобустун айдоочуларына протокол түзүлүп, алардын 209у каттамдан четтетилген. 

Ага лейтенант Марс Султановдун айтымында, кичи автобустардын айдоочуларынын көбү ички орундуктарды алып коюшат. “Унаалардын сырткы абалы начар. Ар бир ишканада өзүнүн механиктери бар. Бирок, тилекке каршы, алар өз милдеттерин так аткарбай, унааларды ушундай бойдон чыгарып коюшат. Аларга административдик протоколдорду түзүп жатабыз”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asyl81
2014-05-12 14:23:31
Туура кылышыптыр, болбосо айдоочулар озум билемдик менен унааларынын тазалыгын карашпайт. Оздорун да тазалыкка, тартипке, маданияттуулукка чакырышса болмок. Озгочо 185-марш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан