Учурда өлкөдө жаза мөөнөтүн толук өтөбөй абактан качып кеткен 1200дөн ашуун адам бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1231 соттолгон адам качып жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Ракат Абышев билдирди.  

Анын айтымында, түзөтүү мекемелеринен качып кеткен соттолгондор өз каалоосу менен кайра кайтып келишсе, жарыяланган мунапыска ылайык кылмыш жоопкерчилигинен бошотулмакчы.  

“Азыркы учурда качып жүргөн 2 миңден ашуун адам бар. Алар жаза мөөнөтүн толук өтөбөстөн, абактан качып кетишкен. Алардын ичинен 45и гана өз каалоосу менен кайткан”,- дейт Р.Абышев.  

Айта кетсек, мунапыс мөөнөтү 2,5 айдан кийин аяктайт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
logist
2014-05-12 21:15:51
алар кантип качмак эле озулору акчасын алып коёберген да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан