Американын Техас штатындагы өрт кырсыгынын кесепетинен жүздөгөн үй кыйроого учурады. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, Хатчинсон аймагы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү 1,2 миң үйгө коркунуч жаралып жатканын айткан. Анын айтымында, соккон шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга чейин жетүүдө. Бул өрттү өчүрүүгө тоскоолдуктарды жаратууда. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Эске салсак, май айынын башында Оклахома штатындагы токойдон чыккан өрттөн миңдеген жашоочу өз үйүнөн кетүүгө мажбур болсо, бир адам көз жумган. Өрт аталган штатта абанын температурасы жогору болуп турган учурда чыкканы белгилүү болгон.