Кыргызстанда 3,5 миң соттолуучунун жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылып, 3 миң соттолуучуга мунапыс берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакыт Термечиков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстанда адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыска 4,5 миңден ашык адам туш болот.
"Бүгүнкү күндө тергөө абактарында, жатак жана түзөтүү абактарда 10 миңге жакын соттолуучу кармалууда. Алардын ичинен 3 миң соттолуучуга мунапыс берилди. Алардын 150сү бошотулуп, 3,5 миң соттолуучунун жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылды",- дейт Б.Термечиков.
Маалыматка ылайык, биринчи жолу соттолгондор жана анча оор эмес кылмыш кылгандар мунапыс боюнча бошотулары да күтүлүүдө.
Эске салсак, мунапыс жөнүндө мыйзам ушул жылдын 28-январында күчүнө кирген.