Кыргызстандан Казакстанга ок атуучу курал менен өтүп бара жаткан жаран кармалды

Кыргызстандан Казакстанга ок атуучу курал менен өтүп бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Белгилүү болгондой, “Чалдыбар унаа жолу” чек ара өтмөгүнөн кыргызстандык жаранга таандык Тойота Лэнд Крузэр унаасы тинтүүгө алынган. Андан чек арачылар травматикалык тапанча жана аңчынын бычагын табышкан. Кармалган жаран бул курал менен Кыргызстандан Казакстанга өтмөкчү болгон. Учурда куралдар жана кармалган жаран укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан