Жогорку Кеңеш тарабынан кен байлыктарды иштетүү лицензиясынын шарттарын жакшыртуу жана аны берүү тартибин кайрадан ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан «Жер казынасы жөнүндө» КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу 12-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Геология жана минералык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген 2012-жылдын 17-сентябрынан тарта 1 жылдык өткөөл мезгил белгиленип жатат. Анткени Жер казынасын лицензиялоо комиссиясы мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда берилген лицензиялардын баарын текшерип чыгууга чамасы жеткен эмес.
Ал эми экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев мыйзамда Лицензия берүү боюнча сынак комиссиясынын курамына жергиликтүү аткаруу жана өкүлчүлүк органдарынын өкүлдөрүн киргизүү, лицензиялык аукциондорду кен чыккан аймактын өзүндө өткөрүү талаптары да камтылганын билдирди. Комиссия курамына киргизиле турган өкүлдөр жергиликтүү кеңештердин же аткаруу бийлигинин чечими менен аныкталат.
Ошону менен бирге лицензия шарттарын аткарууну создуктурган жеке жана юридикалык жактарга карата төлөмдөрдү көбөйтүү чарасы да камтылды. Мындай чара лицензияны узакка кармап жатып алгандардын азайышына түрткү берет. Төлөмдөрдүн өлчөмү жылдан-жылга кескин өскөндүктөн, лицензия ээлери анын мөөнөтүн создуктурууга кызыкдар болбой калат. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, ушу кезде арабөк турган 350 лицензиянын тагдыры биртоло чечилет.
Демилгечилер мыйзамда мындай талап коюлуп жатканын, чет өлкөлүк компаниялар адистерин гана алып келүүгө акылуу экенин айтты. Андан сырткары мыйзамга жер казынасын иштеткен ишканалар тарабынан төлөнүүчү 2 пайыз өлчөмүндөгү социалдык төлөм дагы камтылганын билдирди. Ал каражат жергиликтүү бюджетке түшүп, ошол аймактагы калктын социалдык муктаждыктары үчүн жумшалат.