Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктурган учурлар көбөйүүдө

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктурган учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда өткөн КРнын "Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресс жөнүндөгү" отчётунун презентациясында айтылды.

Маалыматта ылайык, ВИЧ инфекциясын жуктуруу боюнча 2001-жылы 22 учур катталса, 2010-жылы 4611 учур катталган.

“Инъекциялык баңгизаттарын пайдалануучулар ВИЧ жуктуруунун катталган учурунун жалпы санынын 59,08 пайызын түзүүдө” деп айтылат отчётто.

Эске салсак, прогресс жөнүндө 1-отчёт 2003-жылы, 2-отчёт эки чыгарылышта: 2008-2010-жылдары даярдалган.

"Миң жылдыктын" декларациясы 2000-жылдын сентябрь айында БУУнун "Миң жылдыктын" саммити учурунда 189 өлкө тарабынан кабыл алынган жана Кыргызстан менен 147 мамлекет жана өкмөт башчылары кол койгон. "Миң жылдыктын" өнүгүү максаттарына 2015-жылга карата жетишүүгө тийиш болгон 8 максат кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан