Бишкекте шашылыш оңдоп-түзөөгө тийиш болгон борбордук көчөлөрдүн тизмесине 55 участок кирди

Бишкек шаарынын мэриясы шашылыш оңдоп-түзөөгө тийиштүү болгон жолдордун болжолдуу тизмесин жарыялады. Тизмеге борбордун көчөлөрүнүн 55 участогу кирди. Унаа жолдорду оңдоп-түзөөдөн тышкары көпүрөлөрдү оңдоо пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган жолдор боюнча төмөнкү негизги иштер каралууда: жолду кеңейтүү, жолдун асфальт-бетондуу катмарын толук алмаштыруу, тротуарларды оңдоп, брусчатка төшөө, 2 катмарлуу асфальт-бетон төшөө, сугат лотокторун калыбына келтирүү, көпүрө өтмөктөрүн толук алмаштыруу, термопластты колдонуу менен жол белгилерин түшүрүү, жол белгилерин орнотуу жана перспективдүү коммуникацияларды куруу.

Эске салсак, 8-апрелде борбордун мэри Кубанычбек Кулматов президент Алмазбек Атамбаевдин жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосундагы келишимдин алкагында 32 миллион доллар Кытай гранттык каражатынын эсебинен Бишкектин аймагында 100 чакырым унаа жолунун курулушу жана кайра курулуусу каралгандыгын билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан