"Бишкек шаарынын тургунун зордуктады" деп шектелген жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 7-май күнү Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал Токмок шаарында чала тааныш эки жаран аны алдап өз үйлөрүнө киргизишип, ал жерден күч колдонуп зордуктап коюшканын маалымдаган.
Аталган кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын жана Ысык-Көл облусунун жарандары кармалган. Азыркы тапта кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланып жатат.