“2014-жыл Борбор Азиянын тагдырын чече ала турган мезгил. Анткени быйыл америкалык аскерлер Ооганстандан кетишет”,- деп айтты бүгүн, 12-майда өзүнүн лекциясында тажик саясатчы Парвиз Мулложанов.
Анын айтымында, 2014-жылдын башталышы менен Тажикстан маалыматтардын чордонуна айланды. “Албетте, бул көрүнүш жалпы Борбор Азия жөнүндө айтылып келет. Буга Ооганстандан америкалык аскерлердин кетиши себеп болууда. Мамлекеттин бийлигине экстремисттик топтордун келиши жалпы коңшу өлкөлөргө коркунучтуу”,- деди ал. “Айрым окумуштуулар “Быйыл Борбор Азиянын өлкөлөрү экономикалык көйгөйлөргө кабылат” дешет. Бул маселени чечиш үчүн өнөрчүлүктү өнүктүрүү зарыл”,- деп кошумчалады Мулложанов.