Кара-Сууда ураган дааратканадан каза тапкандардын жакындары тергөө иштеринин аягына чыкпай жаткандыгына нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда окуяда каза болгон Барниса Аманованын агасы Касым Аманов билдирди.
Анын айтымында, окуянын болгонуна эки жылга чамалап калса да, бүгүнкү күндө күнөөлүүлөр жазага тартылбайт келет.
“Бүгүнкү күнгө чейин ошол даараткана ээси жана анын курулушуна уруксат берген башкармалыктын жетекчилери жазага тартылбай келет. Жадакалса ошол окуядан каза тапкан жарандар үчүн компенсация да азыркы күнгө чейин бериле элек”,- дейт ал.
"Териштирүүгө келе берип, бирок майнап чыкпаганынан улам сотторго болгон ишеничибиз жоголуп баратат",- деп кошумчалады.
Эске салсак, 2012-жылдын 3-ноябрында "Кара-Суу" базарындагы коомдук даараткана түшүп кетип, андан 4 адам каза болгон. Ал эми 16 адам түрдүү жарааттарды алган.