Сауд Арабия өкмөтүнүн төрагасы падышалыктын Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты

Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында экономикалык форумга катышып жаткан КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сауд Арабиянын Мажилис Аш-Шурунун төрагасы, доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу 12-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд арабия кызматташтыгынын өнүктүрүү тармагы талкууга алынды. Эрлан Абдылдаев өкмөттөр аралык кызматташууну активдештирип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгилеп өттү. Сауд Арабиянын Мажилис Аш-Шурунун төрагасы Сауд Арабия падышалыгы Кыргызстан менен мындан ары иштешүүгө кызыкдар экенин айтты

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан