Кыргызстанда акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн көлөмү 20 пайызга азайды

Кыргызстанда акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн көлөмү 20 пайызга азайды. Муну бүгүн, 12-майда парламенттин басма сөз кызматы тийиштүү булакка шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка таянсак, Кыргызстандагы 6582 мөңгү 650 миллиард метр куб өлчөмүндө суунун корун (запасын) өзүнө камтып турат.

“Окумуштуулардын жоромолуна караганда, алдыдагы 20 жыл аралыгында дагы 35 пайызга чейин азаят. Демек, Кыргызстандын мөңгүдөн башат алган тоо суулары үчтөн бирге чейин тартылышы мүмкүн” деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан