"Кара-Балта шаарынын жашоочусун зордуктаган" деген шек менен жергиликтүү тургун сурак берүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Кара-Балта шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал Садовое айылында белгисиз адам күч колдонуп зордуктап кеткенин кабарлаган.
Ыкчам аракеттин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Жабырлануучу зордуктаган жарандын жүзүн жакшы эстеп калгандыктан, кылмышка шектүүнү дароо таанып берген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, кылган ишин мойнуна алды.