2014-жылдын 9-майында Жалал-Абадда барымтадагы адамды куткаруу боюнча ыкчам аракет жүрүп, кыргызстандык 2 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 3-майында Тажикстан Республикасынын элчилиги тарабынан Кыргызстандын аймагында тажик жараны барымтага алынганы жана анын бошотулушуна көмөктөшүүнү өтүнгөн маалымат келип түшкөн. Анда Тажикстандын Н.С.С. аттуу жаранын барымтага алгандар анын апасына баласынын ур-токмокко алынган абалдагы сүрөттөрүн жөнөтүшүп, аны бошотуу үчүн 100 миң АКШ долларын талап кылышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышкерлер тажик жаранын барымтага алып турган жер аныкталган соң, А.Э. жана Ш.А. аттуу кыргызстандык жарандар кармалган. Кармалган мезгилде алардын жанынан 3 газ тапанчасы, 1 автомат жана КРнын күч түзүмдөрүнүн жасалма күбөлүгү табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.