Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 30 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 9-май күнү саат 18:40 чамасында 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Т.Бекзаков аттуу тургуну көлмөгө чөгүп кеткен. Бул боюнча кечээ, 11-майда куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүрүп, бирок натыйжа чыккан эмес. Учурда издөө иштери улантылууда.