"Кыргызстанда гляциолог, метеоролог адистерин даярдоону баштоо зарыл" дейт депутат Иманкожоева

Кыргызстанда гляциолог, метеоролог адистерин даярдоону баштоо зарыл. Муну парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева мөңгүлөр жөнүндө мыйзамдын аткарылышына карата билдиргенин 12-майда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. Айта кетсек, мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоорун парламент жакында кабыл алган. 
Демилгечилери: депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Асылбек Жээнбеков жана башкалар. Депутаттар буга чейин мындай мыйзам болбогонун айтышты. 
Иманкожоева: "Ишти гляциолог, метеоролог сындуу сейрек адистерди даярдоодон баштоо зарыл. Албетте, анан кен байлыктарды иштетүү процессине көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам жоболорунун так сакталышын талап кылышыбыз керек”,- дейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан