Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова 19-21-май күндөрүн Монтре (Швейцария) шаарында ЕККУнун 22-экономикалык-экологиялык форумунун экинчи жыйынына катышат.
Форумда депутат ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын атынан тобокелчиликтерди баалоо аркылуу жаратылыш кырсыктары менен климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелчиликтерин азайтуу, мурда жасалган эскертүүлөрдү четтетүү маселелери боюнча баяндама жасайт.
ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, ЕККУ ПАда кыргыз делегациясынын башчысы катары Акназарова 2014-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясында ЕККУ аймагында тоо көйгөйлөрүнүн чечилүүсү боюнча кошумча пункт киргизүүгө даярданып жатат.