Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Гүлнара Жамгырчиева 13-16-май күндөрү Ысык-Көл облусун кыдырышат.
ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, депутаттар Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорунда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү. Аймактагы көйгөйлөрдү тургундар менен талкууга алышат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 12-16-май күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.