2014-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча салык карызынын суммасы 1 миллиард 578 миллион сомду, анын ичинен үмүтсүз салык карызы 439 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, республиканын салык органдары тарабынан 2014-жылдын 1-кварталында салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 267 миллион сом түшкөн. 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 68,7 миллион сомго көп.
Салык төлөөчүлөрдүн эсебинде 425,7 миллион сомго 1588 салыктык төлөм талаптары (СТТ) коюлган. Бул көрсөткүч 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1031ге же 48 миллион сомго ашыкча.
Ошондой эле 227,6 миллион сомго 492 салык төлөөчүнүн мүлктөрүн тизмектеп каттоо жүргүзүлгөн.
Сот органдарына кароого 219,3 миллион сом суммасындагы 272 материал берилген. Алардын ичинен 81,641 сом суммасындагы 112 материал боюнча чечим бюджеттин пайдасына чыгарылган.