“Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе эле эртең жыргап кетебиз же кыйрап калабыз деп айта албайбыз. Бирок утуштарыбыз да бар”,- дейт Темир Сариев. Экономика министринин айтымында, Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогору.
"Кыргызстан экспорттук товарларга болгон иликтөөсүндө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр болгон: Бүгүнкү экспорттук потенциалыбызды алсак, биримдиктеги мамлекеттер менен жалпы соода-сатыктын үлүшү 41 пайызды түзөт. Анын ичинен экспорт 27,8, импорт 45 пайыз. Бул алтын менен эсептегенде. Эгерде алтынды алып салсак, биздин соода-сатыгыбыз биримдикке кирген өлкөлөрдө 60 пайыздан жогору болуп кетет. Ал эми 100 пайыз экспорттук товарларыбыз да бар.
Орусияга 5 тамекини 65,5, пахта 64,3, жер-жемиш 36, айнек 42, электр-техникалык машиналарды 28,5, лампочканы 28 пайыз экспорттойбуз. Бул биздин потенциалыбыз. Ал эми Казакстанга электр энергияны 100, сүт азыктарын 83, мал жандыктын 73, тигилген кийимдердин 96 пайызын экспортко чыгарабыз. Бул биздин Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге кылып жаткан экспорттук мүмкүнчүлүгүбүз",- деди Сариев.
Эске салсак, учурда да дүйнөлүк банктын жардамы менен товарларды экспорттоону иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы май айынын соңунда чыгарылат.