Салыктык төлөмдөрдү чогултууда планды толтура албаган жетекчилерди эч кандай трагедиясыз эле жумуштан алуу керек. Бул тууралуу кечээ, 12-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда билдирди.
“Салык кызматында тажрыйбалуу, көп жыл бою аталган системде иштеген адистер жетиштүү. Эгер айрым жетекчилер өз ишин аткара албай жатса, алардын ордуна башкаларды коюу керек”,- деди Т.Сарпашев.
Анын айтымында, планды бир жерде көбөйтүп, бир жеринде азайтууну токтотуу зарыл. "Жетекчилик жүктү көтөрө алгандарга берилсин. Ошондуктан кадр маселесине да көңүл буруу керек",- деп кошумчалады ал.