Бишкекте кечээ, 11-майда авиамоделдик спорт боюнча чемпиондук болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Түштүк дарбаза” сейил багынын аянтында Жеңиш күнүнө арналган авиамоделдик спорт боюнча биринчи жолу Бишкек шаарынын Ачык биринчилиги өткөрүлдү.
Катышуучулар учуучу аппараттарды жасап (планер, учак, тик учак), аларды учууда сыноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мелдештин негизги максаты - авиамоделдик спортту өнүктүрүү жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.