12-майда президент Алмазбек Атамбаев балдарга билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн БУУнун Кыргызстандагы балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Жонатан Вейтчге Даңк медалын тапшырды. Мамлекет башчы балдардын абалын жакшыртууга, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында программаларды ишке ашырууга багытталган жыйынтыктуу ишмердиги үчүн Жонатан Вейтчге ыраазычылык билдирди.
“Сиз өлкөбүз оор учурду баштан кечирип жаткан маалда, 2010-жылдын июнь айында келип, дароо талуу маселелерди чечүүгө шымалана киришкениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиз абдан чоң иштерди аткарып, көптөгөн маселелерди чечтиңиз. Ушул мезгилдин аралыгында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан балдарды жана энелерди колдоо программаларын каржылоосу төрт эсе өскөндүгүн өзгөчө белгилей кетмекчимин. Анын реалдуу жыйынтыктарын көрүп турабыз. Тактап айтканда, биргелешип иштешүүнүн аркасында балдардын өлүмү кыскарды. Мында ЮНИСЕФтин да салымы бар. Балдарга билим берүү багытында дагы көп иштер аткарылды. Кыргызстанда көп адамдар сиздерге абдан ыраазы”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Өз кезегинде Жонатан Вейтч өлкө башчыга Даңк медалын тапшырганы үчүн ыраазычылык айтып, бул сыйлык анын жеке эмгегинин гана эмес, ЮНИСЕФтин, БУУ системинин ишине берилген баа экенин белгиледи. “Мен Кыргызстанга 2010-жылдын 8-июнунда келдим, Июнь окуялары башталары менен өлкөнүн түштүгүнө сапар тарттым. Өлкөнүн министрликтери, ведомстволору менен тыгыз иштешип, биргелешкен аракеттер менен көп нерсеге жетиштик”,- деди Вейтч. Алмазбек Атамбаев Жонатан Вейтчтин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.