Токмок шаарындагы 9 жылдык №13-мектепти 11 жылдык кылып өзгөртүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорундагы мектептерди кыдырып чыкты. Муну 13-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1-орто мектептин мугалимдери 1-4-класстар үчүн айрым окуу китептеринин авторлору ар башка болуп, ырааттуулук жоголуп, окуучулар кыйналып жатышканын айтышты. Ал эми Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылындагы орто мектептин мугалимдери турак жай маселесин көтөрүштү. Айрым мугалимдердин көп жылдардан бери батирде турушканы айтылды. Мектеп директору Бүбүрабихан Чекиева мектептин аянтына жеке жактар мыйзамсыз курулуштарды баштаганын, бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганы менен, натыйжа болбой жатканын билдирди. Токмоктогу 9 жылдык №13-мектептин окуучуларынын ата-энелери мектепти 11 жылдык кылып өзгөртүүнү суранышканы маалым болду. 
Осмоналиев айтылган көйгөйлөр боюнча ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында караларын, тиешелүү аткаруу бийлигине тапшырмалар берилерин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан