Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын март айында Чолпон-Ата шаарында эки соода күркөсү өрттөнүп кеткен. Анда материалдык зыян 95 миң сомду түзгөн. Бул боюнча “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган эле. Анын жыйынтыгында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, 26 жаштагы Т.Самат, мурда сот жообуна тартылган 29 жаштагы П.Алексей, 26 жаштагы Г.Дмитрий кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.