Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Жайыл районунун Сары-Булак айылында 300 түк короодогу саман күйүп кетти. Тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыз мамиле кылуу себеп болгон.