Чүй облусунун Кара-Балта шаарында поезд Хонда Стрим унаасын сүзүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 12-май күнү саат 11:57 чамасында катталган. Анын кесепетинен унаанын айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү денесинен ар кандай деңгээлдеги жараат алышып, куткаруучулар тарабынан аймактык ооруканага жеткирилишкен.