Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 30 жаштагы жарандын денеси табылды

Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 30 жаштагы жарандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.

Маалыматка караганда, сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгү кечээ, 12-май күнү саат 17:56 чамасында табылган. Сөөк сууга калкып чыгып калган.

Эске сала кетсек, 9-май күнү саат 18:40 чамасында 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Т.Бекзаков аттуу тургуну көлмөгө чөгүп кеткен. Бул боюнча 11-майда куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүрүп, бирок натыйжа чыккан эмес. Мындан улам кечээ да издөө иштери улантылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан