Жалал-Абадда 27 жаштагы жаран мал уурулукка шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 27 жаштагы тургуну З.Зулумбеков мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, 7-майда Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн Жай-Терек айылынын 31 жаштагы тургуну Мантаев Жай-Терек айылынын жайытында жүргөн жеринен уюн жана торпогун 2013-жылдын ноябрь айында белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкени тууралуу арыз менен кайрылган. 

Натыйжада Базар-Коргон районунун Акман айыл округунун Кош-Коргон айылынын тургуну колго түшүрүлдү. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

               

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан