Бишкекте 9-10-январда ФАО уюмунун (БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба программасы) “Балык чарбасы боюнча улуттук саясат жана келечекте өнүгүшү” долбоорунун алкагында семинар өтүп жатат. Бул тууралуу ФАОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда 300дөй дарыя, арык, суу сактоочу жайлардын үчөөндө гана балык багылат. "Кыргызстанда балык чарбачылыгы өнүкпөй жатат жана балык чарбасын өнүктүрүү саясаты да алсыз болууда. Семинардын катышуучулары балык чарбачылыгындагы маселелер, аларды чечүү, жакшыртуу жолдорун талкуулап жатышат",- деп билдиришти уюмдан.