14-16-май аралыгында Сузак районуна караштуу Таш-Булак, Ынтымак, Кыргызстан, Чолок-Терек, Арал айылдарында жана Жалал-Абад шаарынын карамагындагы Достук, Курманбек кичи райондорунда, аны менен бирге Шерматов, Артыкбаев көчөлөрүндө саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин "Таш-Булак" көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда “Жалал-Абад электр” ишканасынан билдиришти.