"Айып жайындагы унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн" деген шек менен жашы жете элек өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 14 жаштагы Иван жана 15 жаштагы Илья аттуу өспүрүмдөр "Жол-кайгуул кызматынын айып жайында токтотулган унаалардын биринен 3500 сомго бааланган магнитофон, дагы бир унаадан аккуммуляторду уурдаган" деген шек менен кармалды. Аталган жарандар мыйзамдуу өкүлдөрдүн коштоосунда милиция бөлүмүнө алынып келип, иликтөө жүрүп жатат.