Эртең Бишкек шаарында “Айыл-агро-2014” көргөзмөсү башталат

Эртең Бишкектеги эски аянтта “Айыл-агро-2014” аттуу агрардык өнөр жай жана айыл чарба көргөзмөсү башталат. Маалыматка ылайык, 14-16-май күндөрү өтө турган иш-чарада орусиялык айыл чарба техникаларын өндүрүүчү "Росагромаш" ишканасынын жабдуулары коюлат.

«Росагромаш» Франция, Германия, Марокко жана башка мамлекеттерде көргөзмө өткөрүп келген. «Айыл-агро» көргөзмөсүнө 6 миң чарчы метр аянтка айыл чарба тармагына керек болгон техникалар коюлат.

Айыл чарба техникаларын өндүрүүчү "Росагромаш" ишканасы өткөн жылы өткөн көргөзмөгө 27 товар өндүрүүчү уюмдар катышканын маалымдаган. 14 компания техникаларын алып келсе, жалпысынан 60 айыл чарбада пайдалануучу техника көргөзмөдө элге сунушталган. 3 күндүк иш-чарага 7 миңге чукул жаран катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан