Дүйшөнбек Зилалиев: "Кыргызстанда бардык инвесторлор үчүн мыйзам бирдей иштейт"

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 12-майда Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Намдеорао Кхобрагаде менен жолугушту. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга тоо-кен тармагында иш алып барган индиялык компаниянын өкүлдөрү Маниша Шахра менен Ануджа Бакливал да катышты.   
Бакливал тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. "Кыргызстан ири минералдык чийки зат базасы менен өлкөдө чоң долбоорлорду ачууга бизди шыктандырды. Биз темир, фосфор өңдүү заттарды кайра иштетүүгө кызыкдарбыз",- деди ал. 
Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү ири инвесторлор менен иштешүүгө ар дайым даяр экенин билдирди. 
"Чет элдикпи же жергиликтүү инвесторбу, баарына мыйзам бирдей иштейт. Биз өзүбүздүн ыйгарым укуктардын негизинде силерге керектүү болгон бардык маалыматты берүүгө даярбыз",- дейт Зилалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан