Литвада президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт. Ага өлкөнүн азыркы президенти, талапкер Даля Грибаускайте жана Социал-демократтар партиясынын өкүлү Зигмантас Бальчитис катышары белгилүү болду.
Чет элдик ММКларга таянсак, 11-майда өткөн шайлоодо Даля Грибаускайте шайлоочулардын 46,58 пайыз добушуна ээ болсо, атаандашы Бальчитис 13,89 пайыз добуш алган.
Ал эми шайлоонун экинчи туру 2014-жылдын 25-майында өтөт.