2014-жылдын 13-майына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 496 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычына кирген суунун көлөмү секундасына 848 метр куб, ал эми агып чыккан суунун агымы 200 метр кубга барабар болууда.