Футзал боюнча "Наристе-2013" эл аралык мелдешинде Жогорку Кеңештин командасы 3-орунду ээледи
Футзал боюнча Жогорку Кеңештин курама командасы 2013-жылдын 3-8-январь күндөрү "Наристе-2013" эл аралык мелдешине катышып, 3-орунду ээледи. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. Аталган мелдеш 6 күнгө созулуп, 3 топто 45 команда ат салышты. Бул 3 топтун биринде жалаң мамлекеттик органдардын кызматкерлери күч сынашты. Оюндун жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматы 1-орунду, УКМКнын командасы 2-орунду ээлешти. Ал эми 3-орунга болгон беттеште ЖКнын командасы менен Мамлекеттик мүлк фондусунун командасын күч сынашып, соңунда парламентчилер жеңишке жетишип, коло медалга ээ болушту. Бул мелдеш КРнын Кичи футбол ассоциациясы тарабынан уюштурулду.