Өзгөн районунда болгон катуу шамал турак үйлөрдүн, мектептин чатырын учуруп кетти

Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагында болгон катуу шамал турак үйлөрдүн, мектептин чатырын алып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 11-май күнү саат 21:00 чамасында ылдамдыгы секундуна 22-27 метрге чейин жеткен катуу шамал Өзгөн районунда катталган. Анын кесепетинен Үңкүр айылында 6 турак үйдүн жана орто мектептин, Ирек айылында 9, Тогуз-Булак айылында 6, Ынтымак айылында 2, Коргон айылында 2, Эсеке айылында 3, Элчибек айылында 5 турак үйдүн чатыры талкаланган. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан