Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын 4 айында салыктык текшерүүлөр боюнча укук коргоо органдарына 22 материал жөнөттү

Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын 4 айында салыктык текшерүүлөр боюнча укук коргоо органдарына 22 материал жөнөттү. Муну бүгүн, 13-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, салык органдары 2014-жылдын 4 айында ишкердик чөйрөсүндө 2577 текшерүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында бюджетке кошумча 1 миллиард 26 миллион сом киреше түшкөнү айтылды. "Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 214 миллион сомго же 26,4 пайызга көп" деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан