Бүгүн, 13-майда Чүй облусунда саат 07:18де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Мойнок тоо кыркасында Кызыл-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк-батышты карай, Дөң-Алыш айылынан 15 чакырым батышты карай жайгашкан. Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш сыяктуу калктуу пункттарда жер титирөөнүн күчү 2-3 баллга жеткен.