“Дыйкандарга 3 миллиард 280 миллион сом насыя берилди” дейт айыл чарба министри

Бүгүн, 13-майда маалымат жыйынында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев “2014-жылдын жазгы талаа иштерин аткарууга республика боюнча дыйкандарга 3 миллиард 280 миллион сом насыя берилди” деди.

Анын айтымында, КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 7 коммерциялык банк аркылуу 5 миллиард сом насыя берүү боюнча долбоор түзүлгөн. “Мал чарбачылык тармагына жалпысынан 2 миллиард 916 миллион сом, өсүмдүк өстүрүү тармагына 27,4 миллион сом насыя берилген”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан