Бишкекте 57 жаштагы айым алдамчылыкка шектелип колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда маалымдады.
Маалыматтарга таянсак, Мамыркулова Келербүбү аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну айрым адамдардын ишеничине кирип, чогуу ишкерлик кылуу үчүн чоң суммадагы насыя алууга көндүргөн. Качан акча колго тийген мезгилде, аталган айым белгисиз тарапка из жашырып кетип жүргөн. Учурда кылмыштарга шектүү айым кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.