“Министр байланышта” акциясына билим берүү жана илим министри катышат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык өкмөт” саясатынын алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 15-майда “Министр байланышта” акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, бул күнү министр К.Садыков жана министрликтин кызматкерлери массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка министрликтин ишмердүүлүгүн жана КРнын Билим берүү жана илим министринин милдеттери жөнүндө кенен баяндоо максатында өлкөнүн бардык аймактарындагы калк менен диалог түзөт.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарын жана граждандык сектордун өкүлдөрүн диалогго активдүү катышууга чакырат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан