Күмүшбек Шамканов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 7-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 13-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Аскар Өскөмбаев премьер-министрдин кеңешчилигинен бошотулду.